• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүм изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Байтик баатыр айылында жашаган 2005-жылкы Жоошбаева Анаркүл Жаныбековна дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы кыз 2019-жылдын 3-февралында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 150-155 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кара, тармал, ийинине чейин, көзү күрөң.

Кийими: узундугу тизесине чейин болгон кара түстөгү күрмө, бутунда кара ботинка.

Анаркүл Жоошбаеванын кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: Чүй облустук милициянын нөөмөт бөлүмү (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, Аламүдүн райондук ИИБнин нөөмөт бөлүмү (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, (0550) 51-09-05, (0704) 31-25-05, (0550) 34-33-63 (издөө тобу).

Пикир

Оставить комментарий