• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Чүй облусунда дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы Акунова Шахноза Рустамовна дайынсыз жоголгон деп изделүүдө.

2019-жылдын 21-августунда саат болжол менен 18:00дө Чүй облусунун Аламедин районундагы Энергетиков көчөсүндөгү үйдөн чыккан бойдон дайынсыз.

Өзгөчө белгилери: бою 150-160 см, арык чырай келген, көзүнүн өңү кара-күрөң. Кийген кийимдери кызыл өңдөгү спорттук кийим, көк өңдөгү джинсы жана бутунда кара бут кийим.

Милиция кызматы, жоголгон Акунова Шахнозаны көрүп-билгендер болуп калса 102 кызматына же 0(312) 36-35-27, 0(312)36-35-23, 0(552) 22-06-92, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 номерине чалып коюну билдирет.

Пикир

Оставить комментарий