• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда эки күндө 30 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 15-17-ноябрь күндөрү Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыгы тарабынан "Рулда мас айдоочу" аталыштагы рейд өткөрүлгөн.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, рейд учурунда жалпысынан бузууларга байланыштуу 1385 протокол түзүлгөн. Алардын арасында мас абалында унаа башкарып бара жаткан 30 айдоочу аныкталган, айнектери караңгылатылган унааларды башкаруу – 8, тиешелүү документтери жок - 11, жасалма мамлекеттик номер менен 1 айдоочу кармалган, жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу боюнча 401, атайын айып унаа токтотуучу жайына 28 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий