• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда эки күндүзгү стационар иштеп жатат - Ашырбаев

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Чүй облусунда эки күндүзгү стационар иштеп жатат. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпы облус боюнча 2 миң 742 орунга эсептелген 244 күндүзгү стационар ачылган.

"Бүгүнкү күнү бейтаптардын саны азайып, эки күндүзгү стационар иштеп жатат. Калгандары өзүнүн ишин токтотту. Күндүзгү стационарлар ачылгандан бери бүгүнкү күнгө чейин аларга 121 миң 777 жаран кайрылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий