• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусундагы эки мектептин курулушуна капсула салынды

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жаңы мектептин жана Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин кошумча имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, бүгүнкү капсула салуу салтанаты жергиликтүү тургундар үчүн өзгөчө күн.

"Бүгүнкү иш-чара мамлекет билим берүүнү биринчи орунга койгондугунан кабар берет. Мен ишенем, жакынкы учурда биз ушул мектептин ачылуу аземинде жолугуп калабыз", - деди ал.

Курулуш иштерине жалпы жонунан 140 миллион сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий