• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда эки унаа кагылышып, айдоочу жана жүргүнчү каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 24.10.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунунун 165-чакырымында жол кырсыгы катталган, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кырсык, бүгүн түнкү саат 02:40тар чамасында болуп, анда "Фура" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен "Toyota Land Cruiser" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, маркумдардын денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий