• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Чүй облусунда эки жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Чүй облусунда эки жаш жигит каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

"28-октябрь күнү Калыс-Ордо жаңы конушунда белгисиз бирөөлөр такси болуп иштеген 27 жаштагы жаранга кол салышкан. Белгилүү болгондой, эки адам таксиге отуруп, шаардын четиндеги айылдардын бирине жеткирип коюуну айтышат. Калыс-Ордого жеткенде алар айдоочуга кол салып, бычак менен коркутуп, 7 миң сом акчасын жана уюлдук телефонун тартып алган. Андан кийин айдоочунун көзүн, колу-бутун таңып, камыштар жакка таштап кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча каттоого алынган.

Андан кийин бул ишке шектүү катары 21 жаштагы С.Н. жана мурда соттолгон 22 жаштагы М.Т. аттуу балдар кармалган.

Кармалгандар тергөө абагына камалган.

Пикир

Оставить комментарий