• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Чүй облусунда эр эңиш боюнча турнир өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусундагы Сокулук районунда 22-июлда эр эңиш боюнча турнир өтөт. Анда федерациянын президентинин кубогу ойнотулат. Бул тууралуу улуттук спорттун түрлөрү дирекциясынан билдиришти.

“Аталган турнирдин максаты Кыргызстанда эр эңишти массалык спорт катары өнүктүрүү жана улуттук спорттун түрлөрүн жайылтуу болуп эсептелет”,-деп жазылат маалыматта. Спортчулардын чучукулак кармоосу 21-июлда саат 16:00дөн 17:00гө чейин болот.

Турнирде 7 облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын спортчулары катышат. Спортчулар 5 салмак катергориясында таймашышат: 60 кг, 70 кг, 80кг, 90кг чейинкилер. Эр эңиш-бул кыргыздардын байыртан бери келе жаткан, баатырлардын ат үстүндөгү алышуусу. Анда бир эле спортчу эмес, анын аты дагы күчтүү болушу шарт.

Пикир

Оставить комментарий