• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чүй облусунда «Йакын-Инкардын» мүчөсү уюмдун көз караштарын колдоодон баш тартты

Укук тартиби 0


Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Чүй облусунда «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөсү аталган уюмдун көз караштарын колдоодон баш тартты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү Чүй облусунун 28 жаштагы тургуну мындан ары аталган уюмдун көз карашын колдобой турганын айтып, мурда жаңылыштык кылганын билдирген. Ал коомчулукту тыюу салынган диний уюмдардын азгырыктарынан алыс болууга чакырды.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын жайылуусун алдын алуу иш-чараларын тынымсыз жүргүзүп келишет.

Пикир

Оставить комментарий