• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда ички иштер органдарынын эки кызматкери ардактуу эс алууга узатылды

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6-сентябрь күнү Кемин РИИБдүн жетекчилиги жана өздүк курамы РИИБдүн маалыматтык технологиялар тобунун ага инспектору милициянын подполковниги Шамшиева Эльмира Четеновнаны ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал ИИОдо катардагы кызматкерден тарта баардык баскычтарды басып өтүп, милициянын подполковниги наамына жеткен.

Ошол эле күнү Москва райондук милициясынын кызматкерлери жана жетекчилиги тарабынан Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын прапорщиги Жуматаев Т.М. ардактуу эс алууга узатылды.

Кемин жана Москва РИИБдүн жетекчилери ардактуу эс алууга узатылган кызматкерлерди куттукташып, алардын өз убагында ИИОдо талыкпай кызмат өтөгөн мыкты кызматкерлерден болушканын баса белгилешип, өздүк курамдын атынан белектерди тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий