• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда күмөндүү акциздик маркалар менен 50 миңден ашык бөтөлкө алкоголь аныкталды

Коом 0


Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте Чүй облусунун Сокулук районунда күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияларды сатуу максатында сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Жалпысынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 50 миң 744 бөтөлкө ар кандай аталыштагы жана идиштеги алкоголь тартып алынды. Анын ичинен 30 миң бөтөлкө кампадан, 20 миң 744 бөтөлкө жүк ташуучу унаадан табылган.

Рейддик салыктык контролдун материалдары жана тартып алынган продукция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий