• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чүй облусунда күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды

Аймак 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/.Чүй облусунда күндүзгү дарылоо үчүн 1431 орундук даярдалды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күндүзгү стационарларды ачуунун алгачкы күнүнөн тартып ийне жана тамчылатма дарыларды (капельница) күнүнө 1000-1300гө жакын бейтап алууда. Ал жакта 191 медицина кызматкери кызмат көрсөтүүдө.

Медицина мекемелерин тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иштер уланууда. Демөөрчүлөр тарабынан Токмок жана Чүй аймактык ооруканаларына 5 жасалма дем алдыруучу аппараты сатылып алынды. Бардыгы болуп облус боюнча ар кайсы булактардын каржылоосу менен 161 кычкылтек концентратору алынды.

Чүй облусунун өнүктүрүү фондунун эсебинен Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев тарабынан кычкылтек концентраторлорун сатып алууга 4 млн сомго жакын акча каражаты бөлүндү.

Ыйгарым укуктуу өкүл койка-орундуктарды көбөйтүү жана аларды жабдуулоо боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий