• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда кафе-ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Чүй облусунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди.

Ысык-Ата райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдиргендей, 15-январдан тарта бардык кафе-ресторандарда майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

“Бардык санитардык нормаларды сактоо менен бирге коомдук тамактануу жайларында бир эле убакта элүүдөн ашпаган адам болууга тийиш. Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери коомдук тамактануучу жайлардын арасында рейддерди өткөрүп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт, мыйзам бузуулар аныкталган учурда айып салышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий