• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда кайырчылык кылган 70 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-22-апрель күндөрү Чүй облусунун аймагында “Селсаяк” аталышында рейд иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус боюнча 320 милиция кызматкери жана 65 жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Рейддин жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 210 жай текшерүүгө алынды:

базар жана соода түйүндөрү - 68;

жер төлө жана жылуу түтүктөр өткөн жайлар - 17;

компьютердик клубдар - 66;

башка жайлар - 54.

Жыйынтыгында көчөдө кайырчылык жана селсаяктык кылган 70 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ичинен 1 бала социалдык борборго жайгаштырылды.

Андан сырткары, 27 жаш өспүрүмдүн сабакка барбай жатканы такталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, орто мектептерге жөнөтүлдү.

Рейд учурунда аныкталган жагдайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий