• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда каналга түшүп кеткен 4 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Чүй облусунда каналга түшүп кеткен 4 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда саат 09:53төр чамасында Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылынын Осмон-Темир көчөсүндө жайгашкан каналга 2015-жылы туулган Ө.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Издөө иштерине жалпысынан ӨКМдин 10 куткаруучусу, ИИМ кызматынан 10 кызматкер жана 10 жергиликтүү тургун тартылган. Болжол менен саат 10:33тө куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий