• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда коомдук унааларды көзөмөлдөө күчөдү

Коом 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. Чүй облусунда жол көзөмөл кызматкерлери коомдук унааларды текшерүүгө алды. Бул тууралуу Чүй облусунун автоинспекция кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаранын максаты жүргүнчү ташыган унаалардын ишине көзөмөлдү күчөтүү, жол эрежесин бузган айдоочуларды жана техникалык талаптарга жооп бербеген унааларды аныктоо.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Ата жана Аламүдүн районунун автоинспекторлору автобус жана кичи автобустарды текшерип, каттамга чыккан унааларга да көзөмөл жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий