• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда коронавирус менен күрөшүүгө 3 миңден ашык медицина кызматкери тартылган

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20 /Кабар/. Чүй облусунда коронавирус менен күрөшүүгө 3 миңден ашык медицина кызматкери коронавирус менен күрөшүүгө тартылган. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, облуста 32 көчмө топ үй карантининде болгон жарандарды карап иш алып барууда. Ал топтордо 96 киши иштейт.

Чүй облусунда коронавирус жуктурган жалпы 141 учур катталган. Учурда 100 адам коронавирустан айыгып, үйүнө чыгарылган. 37 киши бейтапканада дарыланып жатат. Төрт адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий