• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган 197 бейтап үй изоляциясында болууда − Волкова

Аймак 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Чүй облусунда коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган 197 бейтап үй изоляциясында болууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова брифингде билдирди.

Чүй облусунда 459 киши коронавирус жуктуруп алган.

Анын айтымында, илдеттен 149 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган, 41 бейтап ооруканаларда дарыланууда. 6 адам илдеттин кесепетинен каза болгон.

"Коронавирус жуктуруп, оорунун белгилери байкалбаган 197 жаран үй изоляциясында болууда. Алардын ар бири медиктердин көзөмөлүндө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий