• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда коронавирустан 70 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган

COVID - 19 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунда коронавирустан 70 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда 104 жаран коронавируска кабылган.

"Анын ичинен 70 адам айыгып чыкты, 31 адам дарыланууда жана 3 жаран каза болгон. 104 кишинин 24ү чет жактан келген, 47си илдетти жуктуруп алгандар менен байланышта болгон, 33 жаран Бишкекте иштеп, жуктурган. Облуста 1 миң 347 жаран үй карантининде болууда. 5 миң 608 адам үй карантининен чыгарылган", - дейт ал.

Намазалиев белгилегендей, 26-марттан бери коронавирусту аныктоодо 30 мобилдик топ иштеп жатат. Ошондой эле 12 мобилдик топ резерде турат.

"Мобилдик топтордо иштөөгө жалпы 168 кызматкер тартылган. Алардын 141и учурда иштеп жатса, 27си резервде турат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1243кө жетти. Алардын ичинен 257си медицина кызматкери. Илдеттен 898 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий