• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда мал уурдоого шектелип төрт жаш жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Чүй районунда (Чүй облусу) мал уурдоого шектелип төрт жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Чүй райондук милициясына Искра айылынын 36 жаштагы М.М. аттуу тургуну кайрылып, 19-ноябрь күнү белгисиз адамдар сарайынан 90 миң сомдук жылкысын уурдап кеткенин билдирген.

Ошондой эле райондук милицияга Прогресс айылынын 42 жаштагы Д.У. аттуу тургуну кайрылып, анын 120 миң сомго бааланган эки баш малы уурдалганын билдирген.

Аталган учурлар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган кылмыштарга шектелип 20 жаштагы О.Э., 19 жаштагы К.А., Ш.А., Ж.Э. аттуу жарандар кармалышкан.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий