• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда милиция кызматкерлери жана дин өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Чүй облусунда милиция кызматкерлери жана дин өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 4-мартта Чүй облсундагы райондук, шаардык ички иштер органдарынын жетекчилери, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана имамдар тарабынан Чүй облусундагы мечиттерде КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы жеткирилип, максаттары түшүндүрүлдү.

Анда буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктарга жол берилип келсе, маркумду акыркы сапарга узатуу иш-чаралары той сыяктуу өтүп көптөгөн чыгымга алып келгени айтылды. Мечиттердин имамдары диний эрежелерге токтолуп, ашыкча чыгымдар динге да каршы келерин айтышты.

Жергиликтүү жашоочулар жогорудагы жарлыктын талаптарын колдоого алышарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий