• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда милиция мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды тапты

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.03.19. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында 18-19-март күндөрү кылмыштуулуктун алдын алуу жана анын бетин ачуу максатында, ошондой эле мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоого багытталган "Арсенал" рейди жүргүзүлгөн.

Иш-чарага жалпысынан 230 кызматкер тартылган.

Рейд учурунда 569 мергенчи, 30 газдык-травматикалык куралдардын ээлери, уруксат системасындагы 11 объект жана жеке 5 күзөт агенттиги текшерилген.

Жыйынтыгында 4 курал алынып, кээ бир куралдардын ээлерине жалпысынан 10 миң сомго айып салынган.

Андан тышкары 28 унаа, 9 кичи-базарлар, 3 мейманкана жана 86 турак жайлар текшерилген.

Пикир

Оставить комментарий