• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда мурда издөөдө жүргөн УКТнын мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Мурда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 5-марттагы рейддин жүрүшүндө Ленин райондук соту тарабынан издөөдө жүргөн 47 жаштагы К.К., аттуу жаран кармалган. Ал УКТнын мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турат.

Азыркы учурда кармалган жаран Бишкектеги Ленин райондук ИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий