• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 62 миңден ашуун алкоголдук бөтөлкө алынды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок алкоголдук ичимдиктер сакталган кампаны аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү ар кандай аталыштагы жана идиштеги жалпы 62 миң 85 бөтөлкө алкоголдук ичимдиктер тартып алынган. Анын ичинен 23 миң 739 бөтөлкө арак кампадан табылса, 38 миң 376 бөтөлкө кампанын короосунда турган унаага жүктөлгөн.

Ишкер субъектисине карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий