• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Чүй облусунда президенттик шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.12.20./Кабар/. Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамыткановдун төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун мөөнөтүнөн мурда уюштуруу боюнча республикалык штабдын көчмө жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеге Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине шайлоо участокторун телефон байланышы, электр энергиясы, Интернет жана транспорт менен камсыздоо тапшырмасы берилди.

Вице-премьер-министр калк арасында № 2-форманын жоюлушу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин жетишсиз жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

«Биз республиканын бардык аймактарын кыдырып чыктык, бирок ар бир облустагы тургундардан № 2-форманын жоюлушу боюнча суроолор көп берилүүдө. Мунун өзү бул туурасында калктын толук кабар албагандыгын билдирет. Бул багыттагы ишти күчтөндүрүү керек», - деп белгиледи ал.

Жыйынтыгында Максат Мамытканов белгилегендей, шайлоо процессинин жүрүшүндө өзгөчө көңүлдү санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышына буруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий