• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда санитардык-карантиндик посттордун саны кыскартылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Чүй облусунда санитардык-карантиндик посттордун саны кыскартылды. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө кырдаал режими киргизилген учурда Чүй облусунда 330дан ашык посттор уюшулган.

"Бишкек комендатурасы тарабынан дагы 14 пост орнотулган. Учурда 9 пост калды, 3 санитардык-карантиндик постту, 3 фильтрдик постту жана 3 элдик кошуундар тарабынан уюшулган пост. Алар Аламүдүн, Сокулук районунда орнотулган. Посттордо иштегендерге 3 маал ысык тамак берилүүдө", - дейт ал.

Намазалиев облус аймагында дезинфекциялоо иштерине 20 тоннадан ашык хлор жумшалганын айтат.

"Облуста 608 миң 266 чарчы метр имараттардын ичи, 310 миң 460 чарчы метр имараттардын сырты дезинфекцияланды. Ошондой эле 12 млн метрден ашык көчө залалсыздандырылды", - деди Намазалиев.

Пикир

Оставить комментарий