• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда “Селсаяк” аталышында рейд болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 14-апрелинен 16-апрелине чейин Чүй облусунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Чүй облусу боюнча 300дөн ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмдөрүнөн, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн, балдар иштери боюнча комиссия жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда өттү. Иш-чаранын максаты аз камсыз болгон, кайырчылык кылган жана түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болгон.

Күндүзү базарлар, соода түйүндөрү жана башка жайлар текшерилди. Ал эми түнкүсүн компьютердик клубдар, көчөлөр, парктар жана башка жерлерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, жалпысынан эл көп топтолуучу 134 ар түрлүү коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында 55 өспүрүм бала түнкүсүн көчөлөрдө жүргөнү аныкталды. Алардын ичинен 51 бала ата-энелерине тапшырылып, 4 бала социалдык мекемелерге жайгаштырылган. Рейд иш-чарасынын жыйынтыгы менен чогултулган материалдар билим берүү бөлүмдөрүнө - 6, саламаттык сактоо кызматына - 1, үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнө - 12 жана балдар иштери боюнча комиссиясына - 7 материал жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий