• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусунда “Селсаяк” аталышындагы рейддик иш-чарасы өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Селсаяк” аталышындагы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган рейддик иш-чарасы үстүбүздөгү жылдын 16-17-апрель күндөрү болуп өттү.

КР ИИМ басма сөз кызматы билдиргендей, аталган иш-чарага облус боюнча 300 милиция кызматкери жана 69 жергиликтүү бийлик өкүлдөр катышып, жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 184 жайлар текшерүүгө алынды. Базар жана соода түйүндөрү-22, жер төлө жана жылуу түтүктөр өткөн жайлар-74, компьютердик клубдар-57 жана башка 28 коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында көчөдө кайырчылык жана селсаяктык кылган 50 жаш өспүрүм аныкталып, алар интернаттарга, балдар үйлөрүнө жайгаштырылды. Балдар үйлөрүнө-5, социалдык борборлорго, приюттарга-5, ИИМдин жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларын алдын алуу борборуна-2 ал эми 38 өспүрүм ата-энелерине, жакындарына кайтарылып берилди. Андан сырткары, 10 жаш өспүрүмдүн сабакка барбай жатканы такталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, орто мектептерге жөнөтүлдү.

Рейд учурунда Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 65-1-беренеси (Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо” боюнча 26 административдик протокол толтурулган. Рейд учурунда аныкталган жагдайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий