• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Чүй облусунда согуш ардагерлерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгү облустагы согуш ардагерлерин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облуста Улуу Ата Мекендик согуштун 25 ардагери, 4 Ленинград блокадачысы, концлагердин 1 жашы элек туткуну жана ооруктун 91 эмгекчиси бар.

"Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн резервдик фондунан согуштун ардагерлерине 10 миң сомдон бөлүнгөн. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү А.Намазалиев ардагерлерди үйүнө барып куттуктап, мааракелик медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды", -деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн буйругуна ылайык Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата согуш ардагерлерине 75 миң сомдон каражат бөлүнгөн.

"Ошондой эле мамлекеттик администрациялардын башчыларынын (Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Жайыл району) резервдик фондунан 10 миң сомдон жана 5 миң сомдон (Кемин району) бөлүнгөн. Айыл өкмөттөрүнүн башчылары тарабынан да жергиликтүү бюджеттен согуштун ардагерлерине, ооруктун эмгекчилерине, согуштун ардагерлеринин жубайларына бир жолу берилүүчү жардам бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий