• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Чүй облусунда соцобъекттерди, калкты отун менен камсыз кылуу үчүн 342,9 миң тонна көмүр даярдоо пландалган

Аймак 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Чүй облусунда социалдык, маданий объекттерди, калкты отун менен камсыз кылуу үчүн быйыл 342 миң 933,7 тонна көмүр даярдоо пландалган. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 55 миң 805,6 тонна көмүр даярдалды.

"Билим берүү объекттери үчүн 19 миң 91,2 тонна көмүр алуу пландалса, анын 4 миң 841 тоннасы даярдалды. Саламаттык сактоо объекттери үчүн 2 миң 171 тонна көмүр алуу пландалып, 873 тоннасы даярдалды. Маданият мекемелери үчүн 166 тонна көмүр алуу каралып, анын 83 тоннасы даярдалды. Калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн 321 миң 891 тонна көмүр талап кылынат. Бүгүнкү күнү 50 миң тонна көмүр камдалды", - деди ал.

Ал билдиргендей, калкты көмүр камсыз кылуу үчүн 28 стационардык көмүр кампасы ачылган.

"Ошондой эле 50 көчмө отун базары түзүлүп, иштеп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий