• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда технополис куруу үчүн 40 га жер берилет – өкмөттүн өкүлү

Коом 0

Бишкек, 3-март /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында тигүү технополисин курууга 40 га жер бөлүнөт. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине өкмөттүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн төрагасы Бакытбек Кудайбергенов билдирди.

Ал белгилегендей, Военно-Антоновка айылында жер тилкесин бөлүп берүү боюнча айылдык кеңеш түзүлүп, иштей баштады. “Алар ишин бүтөөрү менен бардык маалыматтарды өкмөткө беребиз. Ошентип, марттын этегинде жер тилкеси бөлүнүп берилет. Бул зонага буга чейин жер төлөөлөрдү ижарага алып иштеген тигүү цехтеринин бардыгы топтоштурулат. Технопарк бардык талаптарга жооп берет. Бул технополис 10 миңден ашуун адамды иш менен камсыздай алат. Аны менен бирге, бул өнөр жай көлөмүнө жана жалпысынан облустун экономикалык абалына натыйжалуу таасир берет”, - деген Б.Кудайбергенов бул социалдык долбоор экендигин белгиледи.

Ошондой эле, губернатор келечекте облус өнөр жай зонасын түзүүгө 180 га жер бөлүүгө даярданып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий