• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунда өзгөчө кырдаал киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 24.12.17 /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаары менен Чүй айыл өкмөтүнө өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу кечээ, 23-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул чечим 19-декабрда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү тарабынан кабыл алынган.

“Токмок шаарында жана Чүй айылында жер алдынан чыккан суунун деңгээли көтөрүлүп, айрым үйлөрдүн жер төлөлөрүн суу каптаган. Учурда жер алдынан чыккан суунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн аталган аймакта тийиштүү мекемелердин кызматкерлери иштеп жатышат. Ошондой эле райондук Жарандык коргонуудан каражаттар жана атайын күчтөр тартылган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий