• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда жалпы 15,5 млн погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылды

Коом 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 1 104 266 чарчы метр имараттын ичи, 1 265 924 чарчы метр имараттын сырты, 15 590 141 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 29 038 кг хлор, 1 007 литр суюк хлору, 600 хлор таблеткасы сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда, сейил бактарында жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий