• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Чүй облусунда жасалма өткөрмө кагаз менен жүргөн айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Чүй облусунда жасалма өткөрмө кагаз менен жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-апрель күнү болжол менен саат 17:00дө Ленин айылына кире бериш жерде коюлган постто ак түстөгү "Toyota Ipsum" үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, текшерилген. Текшерүү учурунда 49 жаштагы К.В. аттуу айдоочунун унаасындагы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында жүрүүгө уруксат берген өткөрмө кагаз жасалма экени аныкталган.

Топтолгон материалдар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Териштирүү иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий