• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. Чүй облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 8-январь күнү саат 12:37де Чүй облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Панфилов районунун Өтмөк айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий