• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Чүй облусунда жер титиреди. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 06:42де Чүй облусунда күчү очогунда 4-4,5 баллга жеткен жер силкинүү болду.

Калктуу аймактарда жер тирирөөнүн күчү Кемин жана Токмокто – 3 балл, Ивановка, Кант жана Бишкекте 2-3 балл, Пригородное, Кегети жана Арпа-Тектир айылдарында 4-4,5 баллга жеткен.

ӨКМ белгилегендей, жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий