• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда жол четиндеги соодагерлерге айып салынды

Коом 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) 22нен 29-мартка чейин “Соода” аталыштагы рейд өткөргөн.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган иш-чаранын максаты жолдун четинде сатылган тамак-аш, күйүүчү май жана башка товарларды аныктоо болгон. Анткени башаламан соода жүргүзгөндөр жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдуктарды жаратууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө күйүүчү майларды мыйзамсыз сатып жаткандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп, 3 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Жалпысынан күйүүчү май саткандарга карата төрт протокол түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий