• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда жол кырсыгынан каза болгондорду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Чүй облусунун бардык аймактарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын жана Ишки иштер министрлигинин Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгынын инстпекторлору Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондор күнүнө карата атайын акция өткөрүштү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жыл сайын ноябрь айынын үчүнчү жумасында Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынан каза болгондор күнү белгиленет.

Бул акциянын максаты - бардык жарандардын бул маселеге көңүлүн буруу жана жол кырсыктарынын алдын алуу.

“Бул күнү көп өкөлөрдө жол кырсыгынан каза болгондорду эскерип, алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтышат. Кыргызстанда да бул күн белгиленет. Быйыл бул күн 18-ноябрга туура келди. Чүй облусунда бул күнү саат туура 10:00дө облустун бардык көчөлөрүндө студенттердин жана коомдук транспорттун жардамы менен жол кыймылы токтотулуп, кырсыктан көз жумгандардын урматына бир мүнөттүк аза күтүү болду. Андан тышкары ЖКККББнын стационардык посторунда кайтыш болгондордун жакындарына көңүл айтуу катары мамлекеттик желектер түшүрүлгөн”,- деп кабарлашты ведомстводон.

Пикир

Оставить комментарий