• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунда жыл башынан бери 202 өрт катталып, бир адам каза болгон

Кырсык 0

Бишкек, 05.05.20. /Кабар/. Чүй облусунда жыл башынан бери 202 өрт катталып, тилсиз жоодон бир адам каза болгон. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4 айында облус боюнча катталган өрттүн саны 10,2 пайызга азайган.

2020-жылдын 4 ай ичинде Чүй облусунда 202 өрт кырсыгы катталып (2019-жылы 225), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 10,2 % азайган. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза тапса, алты адам жабыркаган (2018-жылы 8 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган). Өрттөн кесепетинен келип чыккан материалдык чыгым 9 млн 872 923 сомду түзгөн. 138 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 31,6 % түзгөн.

Өрттүн негизги себептери:

-электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -2,2 %;

-мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 61,9 %;

-отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 59.8%;

-балдардын от менен ойноосуунан – 33.3 %, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны:

-Токмок шаары жана Чүй району - 29;

- Жайыл району - 20;

- Аламүдүн району - 43;

- Ысык-Ата району - 36;

- Кемин району - 7;

- Москва району – 20;

- Панфилов району - 7;

- Сокулук району – 40.

Пикир

Оставить комментарий