• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Чүй облусунда жыл башынан бери 400гө жакын өрт катталып, беш адамдын өмүрү кыйылган

Аймак 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Чүй облусунда 396 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны – 52.9% азайган. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 5 адам каза болуп, 9 адам тилсиз жоодон жабыркаган. Кырсыктардын кесепетинен келтирилген материалдык чыгым 24 млн 519 миң 582 сомду түзгөн.

"233 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 41,1 % түзөт", - деп билдиришти министрликтен.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 48,9%;

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 12,3%;

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 11,3 %;

- балдардын от менен ойноосунан – 3,5 %;

- тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 11,9 % өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

- Жайыл району – 45;

- Токмок шаары жана Чүй району – 63;

- Аламүдүн району – 69;

- Ысык-Ата району – 71;

- Кемин району – 18;

- Москва району – 43;

- Панфилов району – 20;

- Сокулук району – 67.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

-бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

-күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

-балдарды кароосуз калтырбагыла;

-күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

-электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;

-тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла.

Пикир

Оставить комментарий