• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусундагы 2 миңге жакын окуучунун үйүндө сыналгы жок. Статистика

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылы башталганга чейин ар бир мектеп дирекциясы жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте атайын мониторинг жүргүзүп, окуучулар арасында сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча сандарды аныктады.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, буга чейин төртүнчү чейректеги дистанттык окутуу мезгилинде министрлик муктаждыгы бар 3 миң 403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган.

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында дагы 1 миң 928 телевизор жана 31 миң 143 смартфон менен окуучуларды камсыздады.

Жаңы окуу жылынын баштылышына карата сыналгы жана телефон жетишсиздиги боюнча облустар аралык статистика:

Нет описания.

Билим берүү жана илим министрлиги сыналгы жана смартфон жетишсиз болгон окуучуларга жардам берүү иштерин жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн жардамында жүргүзүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий