• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусундагы имамдар бирдиктүү формага өтө баштады

Коом 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы менен Чүй калаасындагы имамдар бирдиктүү форма менен камсыздала баштады. Учурда Ысык-Ата районунун имамдары алгачкылардан болуп өз формаларын алышып, имамдар биридктүү форма менен камсыз болушту. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ал эми Чүй облустук мусулмандар казыятынын кызматкери Алманбет ажы Суеркуловдун айтымында Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков демилгенин ишке ашырылышын жетекчиликке алып, учурда 47 имам казыяттын расмий логотиби басылган формаларга ээ болушкан.

«Бирдиктүү форманы ар бир имам өз каражаттарына тиктирди. Бирок бул учурдун талабы жана Чүй облусунун мусулмандар казысынын тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Эми дин кызматкерлери жыйындарга, жолугушууларга жана расмий иш чараларга бирдиктүү форма кийип барышат»,-деди Алманбет ажы Суеркулов.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын башында Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов райондун баш имам хатибдери менен жыйын өткөрүп, анда облус аймагындагы имамдардын бирдиктүү формага өтүүсү боюнча райхатибдерге тапшырма берген болчу.

Пикир

Оставить комментарий