• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Чүй облусундагы көмөкчордондордун кубаттуулугу жогорулатылды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.17 /Кабар/. “Түндүк электр”ААКда энергия объектилерди келе жаткан кыш мезгилине дарядоо иштери соңуна чыгууда. Суук мезгилде керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергия менен камсыздаш үчүн энергетиктер күч трансформаторлорду кубаттуурагына алмаштыруу иш-чараларын жүргүзүп, жүктөмдөрдү бөлүштүрүүдө. Ноябрь айынын башында Чүй облусунун Токмок шаарындагы 35 кВ “Достук” жана Аламүдүн районундагы “Нижняя Ала-Арча” көмөкчордондорунун кубаттагы аз күч трансформаторлорунун кубаттуурагына алмашытруу иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыкта 6 300 киловольт-ампер (кВА) болгон күч трансформаторун 10 000 кВАга алмаштыруу менен “Достук”көмөкчордонунун кубаттуулугу 3 700 кВАга жогорулады.

“Нижняя Ала-Арча” көмөкчордонундагы аз кубаттулуктагы (4 000 кВА) күч трансформатордун ордуна “Достук”көмөкчордонунан демонтаждалган(6 300 кВА)трансформаторду орнотуу, жогорку вольттогу көмөкчордондун кубаттуулугун 2 300 кВАга жогорулашына алып келди.

Башка мекемелерди ортого салбастан “Түндүк электр” ААКнын адистери жабдууларды монтаждоону, орнотууну өздөрү кылууда. Ишке жогорку чыңалуу кызматынын, релелик коргоо жана автоматика өндүрүштүк кызматынын инженерлери тартылган. Монтаждоо-орнотуу иштери аяктаган соң, өлчөө, чыңалуудан коргоо жана сыноо өндүрүштүккызматынын адистери жаңы күч трансформаторду сыноодөн өткөрүштү.

Быйылкы оңдоо иш-чараларынын чегинде ушундай эле каскад жолу менен Бишкек шаарындагы “Издательство”, «Тунгуч», Чүй облусунунНовопокровка айылындагы «Бектемир» жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары жогорулатылган. Жыйынтыкта, күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде “Түндүк электр”ААКнын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы беш жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары 18 миң кВА жогорулаган.

Айта кетчү нерсе, акыркы эки жылдын ичинде Бишкек шаарындагы жана Чүй, Талас облустарындагы 35/10 кВ жогорку вольттогу көмөкчордондорунун кубаттуулуктары күч трансформаторлорду алмаштыруунун негизинде 73,5 мегавольт-амперге жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий