• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусундагы кургакчылык: Садыр Жапаров үч аткаминерге сөгүш жарыялады

Президент 0

Бишкек, 26.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилиндеги Чүй облусундагы кургакчылыкка байланыштуу үч аткаминерге сөгүш жарыялады.

Жапаров суу жетишсиздик көйгөйүнөн улам жарандар миллион сомдой зыян тартканын белгилеп кетти.

“Үстүбүздөгү жылдын жай айында элди митингге чыгарбай маселени өз учурунда чечүүгө болот эле. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеевге сөгүш жарыялайм. Үчөөңүздөр тең жетиштүү деңгээлде ишти уюштура алган жоксуңар, кеч болгондо гана маселе чечилди. Бүгүндөн баштап келерки жай мезгилине даярданышыңыздар керек”, - дейт ал.

Нет описания.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 1-мартынан баштап Чүй облусунун аймагында 53 млн долларга канал куруларын маалымдады.

“Канал курулса Чүй толук суу менен камсыз болот”, - деп айтты Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий