Чүй облусундагы мечиттерде кыш камылгасы көрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Чүй облусунун аймагындагы бардык мечиттерде кыш мезгилине карата даярдык иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Чүй казыятынын иш башкармасынын башчысы Кубан ажы Бекешов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин КМДБ тарабынан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында суук түшкөнгө чейин мечиттерди жылуулук менен камсыздоо тапшырмасы берилген эле. Айрым мечиттерде бул тапшырмага ылайык, бир катар иштер жасалды.

Ошондой көп мечиттерде көмүр менен камсыздоо, отун даярдоо, мечиттин ичин жылуулоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул иш-чаралардын дээрлик бардыгы жергиликтүү жамааттын салымы менен иш жүзүнө ашууда.

Пикир

Оставить комментарий