• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Чүй облусундагы ооруканалардын реконструкциялоо жана оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Чүй облусундагы ооруканалардын реконструкциялоо жана оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок жана Орловка шаарларындагы жайгашкан ооруканалардын реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштери толук кандуу жүрүүдө.

Азыркы учурда Токмок шаарындагы 250 орундуу оорукананын капиталдык ремонту боюнча, полдордун, терезелердин жана эшиктердин блоктордун демонтаждоо иштери бүткөрүлгөн.

Ошондой эле ички тосмолордун бузуу жумуштары бүткөрүлүп, ооруканын тышкы келбетинин эски шыбагы түшүрүлүп жана биринчи кабаттагы полдору жасалууда.

Ал эми Чүй облусунун Кемин районундагы Орловка шаарындагы жайгашкан 45 орундуу оорукананын курулуш-монтаждоо иштери боюнча эшиктердин блоктору орнотулууда жана дубалдарга шпаклевка тартылып сырдоо жумуштары аткарылып жатат. Андан сырткары полдорду жана плинтустарды алмаштырууда.

Белгилей кетсек, бул саламаттык сактоо объекттери бекитилген курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесине ылайык республикалык бюджеттинен каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий