• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусундагы сүт фермасында чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. Аламүдүн районунда 2017-жылдын 19-сентябрында саат 00:53 чамасында Маевка айылындагы Сүт фермасынын аймагында темир каркаска шифер жабылган аянты 300 чарчы метр кампанын чатыры, ичиндеги темир цистерна жана 5 резервуарда куюлган 6 тонна растворитель “Нефрас” жана 2 тонна күн карама майы күйгөн.

КР ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматында, өрт болгон жерде 1 адам (1992 ж. т. Р. А.) денесинен 90% 1-3 А даражадагы күйүк алган. Азыркы учурда жабырлануучу Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылып, өрт 2017-жылдын 19-сентябры күнү саат 02:28де чектөөгө алынып, саат 03:07де толук өчүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий