• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Чүй облусунда милиция кызматкерлери түнкүсүн суу бөлүштүрүү иштерине көмөк көрсөтүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жайкы эгин-талааларды суугаруу мезгилинде дыйкандар жана фермерлер суу тартыштыгын билдиришип, бир нече жолугушууларды өткөрүшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эгин талааларга суу бөлүштүрүү учурунда жергиликтүү тургундар арасында түшүнбөстүктөр жаралып жаткандыгына байланыштуу Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо жана мыйзам бузууларды алдын алуу жумуштарын жүргүзүшүүдө.

Учурда Чүй облусундагы суу бөлүштүрүлгөн жайларда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери суугат суулардын бирдей бөлүнүүсүн камсыз кылуу жана түшүнбөстүктөрдү алдын алуу боюнча иш алып барышууда.

Бүгүнкү күнү Чүй облусу боюнча 50 дөн ашуун милиция кызматкерлери суу бөлүштүрүүчү 42 гидротосмолордо кызмат өтөшүүдө. "Анда милиция кызматкерлери жогорудагы суу бөлүнүүчү жайларда кечкисин саат 20:00 дөн таңкы саат 06:00 гө чейинки убакыт аралыгында сууларды туура эмес бөлүштүрүүнү алдын алуу жумуштарын ишке ашырууда",-деп айтылат маалыматта.

Учурда Кемин району боюнча - 13, Чүй району боюнча - 8, Ысык-Ата району боюнча - 6, Аламүдүн районунда - 2, Сокулук районунда - 6, Москва районунда - 8, Жайыл районунда - 8 жана Панфилов районунда - 4 милиция кызматкерлери бөлүнүп, иш алып барышууда.

Бүгүнкү күнү Чүй облусунун райондорунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте фермелер жана дыйкандар арасында эгин
суугаруу жумуштарына байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий