• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Чүй облусунун 22 Жайыт пайдалануучу бирикмелерине айыл чарба техникалары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 08.02.18. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов, Сокулук, Москва, Аламедин, Ысык-Ата райондорунун Жайыт пайдалануучу бирикмелерине айыл чарба техникалары тапшырылды. Бул тууралуу КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 22 Жайыт пайдалануучу бирикмелерине 59 млн сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Анын ичинен ЖПБнын салымы 16 млн сомдон ашык акча каражатын түзөт. Айыл чарба техникаларын сатып алууга Айыл чарба министрлигинде ишке ашып жаткан «Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу» долбоору көмөк көрсөттү.

Долбоордун ишке ашышы менен биринчи транштын эсебинен 31 ЖПБга атайын техникалар сатылып алынган. 2017-жылдын декабрь айында 6 техника Жайыт комитеттерине берилсе, бүгүнкү күндө 22 Жайыт комитети техникаларга ээ болуп жатышат. Жакынкы күндөрү калган эки Жайыт комитетине дагы берилет.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин директору Урмат Мырзакматовдун айтымында, айыл чарба техникаларынын берилиши менен жайыттарды рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. «Мурда айрым алыскы жайыттарга бара албай жатсак, эми техникалардын жардамы менен жолдорду түздөп көптөгөн иштерди аткарабыз. Берилген техникаларды туура пайдалуу багытта колдонсок жакшы болот деди», У.Мырзакматов.

Айыл чарба техникалары болгон автогрейдер, экскаватор, фронталдык погрузчик, жүктөгүчтөрдү алган Жайыт комитеттеринин төрагалары кубанычтарын жашырышкан жок.

Асыл Мыйпиева Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрайымы болуп эмгектенет. Техникаларды тапшыруу аземинде А.Майпиева дагы Беларус 892.2 үлгүсүндөгү жол оңдоо үчүн трактор экскаваторго ээ болду. «Техниканы алууга бир топ эмгек жумшалды. Бизде төрт айыл бар. Ошол айылдарда фокус-группаларды түзүп, кайсы айылда эмне көйгөй бар экендигин аныктап иштедик. Ошонун натыйжасында айыл чарба техникасын алууга чечим кабыл алдык», дейт А.Мыйпиева.

Жайыт комитетинин башчысынын айтымында, көптөн күткөн абдан керектүү техникага ээ болуп жаткандыгына сүйүнүп, долбоорду ишке ашырып жаткан кызматкерлерге, жалпы көмөк көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгын билдирди.

“Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу” долбоору Чүй жана Талас облустарында (2015-2019-жылдары) ишке ашып Бүткүл дүйнөлүк Банк каржылайт.

Пикир

Оставить комментарий