• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чүй облусунун аймагына 45 млн долларга жаңы цемент заводу курулат

Экономика 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Чүй облусунда 45 млн долларга жаңы заманбап цемент заводу курулат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор Москвада өткөн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңешинин жыйынында жактырылды.

Жыйынга КР финансы министри Алмаз Бакетаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артём Новиков катышты.

"Цемент заводунун курулушуна Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 45 млн доллар бөлүнөт. Анын кубаттуулугу жылына 1,5 млн тонна цементти түзөт. Буга байланыштуу Кыргызстан жылына 47 млн долларды үнөмдөп, импорттон көз карандысыз болот. Долбоордун алкагында 450 жумушчу орун түзүү каралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий